Ал токточудай эмес. Жаан дагы эки күн жаайт экен.

Жаандын суусу мол болуп жатса, ысык суу түгөндү.

Президент Атамбаев 2017-жылга чейин насыялар көбөйтүлүп, пайызы азаят дегени кубандырды.

Өзгөчө Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду чакан жана орто бизнеске 5%дык насыя берип баштаганы.

Кечээ эскерүү митинги өттү эле, катуу майрамдап койдук окшойт. Аянттан 30 куб таштанды чыгарылыптыр.

Улуу согушка кеткен 360 миң кыргыздан 160 миңи курман болгон. Бирок буга күмөн санагандар бар экен.

Жеңиш күнүн болсо кечээ КМШ өлкөлөрү ар башкача белгилешти.

Быйыл ажылыкка барам дегендер жылдагыдан көбүрөөктөй. Бирок эртең ажылык сапарга каттоо аяктайт.

Ал эми Европага барчуларга жакшы кабар. Шенген визасын эми Швейцария элчилиги дагы берип баштайт.

Бишкекте эле жүрө берем десеңиз, эске алып коюңуз — Патрис Лумумба көчөсү жабылды.

Чер жазганча ата-мекендик өндүрүүчүлөргө көз салып келсеңиз болот. Жакында «Made in Kyrgyzstan» EXPO көргөзмөсү өтөт.

Ии, айтмакчы, Музей түнү дагы болот.

Ошоо, жаңылыктар. Бизди Facebook’тагы баракчабыздан дагы окуп туруңуз!

Урматыбыз менен, Saat.kg редакциясы.

Бөлүшүү