Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, бүгүн Бишкекте катуу жаан жаап, күн күркүрөйт.

Ош шаарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 12-14 градус, күндүз 23-25 градус болот.

10-майда жана 11-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет. 7-11-майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

11-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 11-майда күндүз жана 12-майда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот.

Бөлүшүү