Эсептөө палатасы 2014-жылга бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын пайдаланылышына аудит жүргүзгөн. Жыйынтыгында, 13,7 миллион сом каржы бузууларын аныктаган. Анын ичинен, 9,1 миллион сом бюджетке калыбына келтирилүүгө тийиш.

Курулуш-куроо иштеринин көлөмүн ашыруу — 5,8 миллион сомду, эмгек акыларды негизсиз төлөө — 4,6 миллион сомду, ижара төлөмдөрүнөн чегерүүлөрдөн бюджетке жеткире түшпөгөндөр —  1,5 миллион сомду, дебитордук жана ашырылган насыялык карыздарды эсепке алуу боюнча жашыруулар — 700 миң сомду жана башка бузуулар 1,1 миллион сомду түзгөн. Учурда мекеме тарабынан бюджетке 7,2 миллион сом калыбына келтирилген.

Ошондой эле, министрликте 24,1 миллион сомго бюджеттин резервдери жана жоготуулары, 42,5 миллион сомго рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар аныкталган.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча саламаттык сактоо министрлигине жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнө аудиттин жыйынтыктарын кароо, аныкталган каржы бузууларын жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүү сунушталды.

Бөлүшүү