Ооганстандын түндүгүндөгү Жевизжан аймагында президенттин жардамчысы Рашид Достум жетектеген операцияда 35 талибан согушкери өлтүрүлгөн.

Согушкерлер Жевизжан-Сар-Пул жолунда жок кылынды. Анын маалыматында 40 согушкер жаракат алып, 15 согушкер тирүү кармалган жана 40 айылды террорчу топтордон тазалашкан. Бул туурсанында Рашид Достум журналисттерге берген маалыматында кабарлаган.

Анын айтымында, колго өткөн аймактар бийлик көзөмөлүндө болот жана операция уланат.

Sabah.com.tr кабарлагандай, президент жардамчысынын маалыматтарын четке каккан Талибан башчысы кармалгандардын баары карапайым айыл тургундары экендигин билдирген.

Эске сала кетсек, талибандар өткөн айда күч алып, бир нече айылды өз карамагына алышкан. НАТО аскерлери бошотуп кеткен жерлерди ээлешип, өткөн аптада өзбек чек арасына ок атышкан эле.