Asian Single Dance Championships 2016 турнирине Корея, Жапония, Кытай, Малайзия, Тайланд, Орусия жана башка бир топ өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Самба, румба, жайв жана пассодобль боюнча кыргыз бийчилери биринчиликти алып, Ча-Ча бийинде күмүш медаль тагынышты.

Сынак 7-8-майда Тайланд борбору Бангкокто өттү. Кыргызстан үчүн беш медалды эки жуп бийчи алды. Артем Семеренко менен Валерия Качалко самба, румба жана жайв бийлеринде мыкты аталып, биринчи орунду ээлей алышты.

Ал эми Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей Ча-Ча бийинде экинчи орунду, пассодобль боюнча биринчиликти илип кетишти.

12932573_1290389564307720_3377272570886147252_n 13150045_743921402412001_639230889_n 13151810_1015594691853695_9191619340154643338_n 13181188_743922149078593_234665556_n 13187826_743921539078654_212149638_n