Базарда бир жөжө үч миң сум турса, мугалимдерге 7 миңден эсептеп беришүүдө. 20 жөжөнү алар 140 миң сумдун (болжолу 1400 сом) ордуна алышты.
“Озодлик” радиосуна таянып, Slon.ru жазгандай, айлык акысын мугалимдер жөжө менен Нукус районунда алып башташты. Окутуучулардын бири былтыр маянанын ордуна сабиз жана картөшкө алышканын айтып берген.