Анын айтымында, Талас облусунда чектеш айылдарда казак тарап тереңдиги 2 метр, узундугу 5 километрдик арык казууда. Депутат өкмөттөн себептерди тактоону талап кылды.
“Жергиликтүү тургундар тийиштүү органдарга кайрылыптыр. Коңшу өлкө эч нерседен коркпой, биздин аймакка кирип кетип жатканын айтып беришти. Райондун башчысы Нурак Качкынбаев өлкө кызыкчылыгын коргогондун ордуна арыктын казылышын колдоп жатыптыр”, — деп Меербек Мискенбаев Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.