«Бүгүнкү күндө Кыргызстан элдеринин биримдигин чыңдоо, этностор аралык достукту калыптандыруу боюнча өтүп жаткан ар түрдүү иш-чаралар жакшы көрүнүш. Бирок негизги бириктирүүчү фактор кыргыз тили болуш керек».
Этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин директору Бакыт Рыспаев Бишкекте өткөрүлгөн «Кыргызстандын элинин биримдигин бекемдөө» темасынын алкагында уюшулган жаштардын VI илимий форумунда бул ою менен бөлүштү.
Форумда сөз сүйлөгөн Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын төрагасы жана премьер-министрдин кеңешчиси Токон Мамытов улутту жок кылуу дегендик бул акылсыздык, сабатсыздык, ар бир улут өзүнүн оргиналдуулугун сакташ керек деп билдирди.
«Биз дагы кыргыз улутунун сакталып калышы, кыргыз улутунун кайра жаралуусу үчүн жаңы жол табышыбыз керек» — деп белгиледи ал.
Ошондой эле, форумда бир нече улуттун Кыргызстандагы диаспоралынын жетекчилери, өкүлдөрү доклад жасап, Кыргызстан мамлекетинин өнүгүшү үчүн жалпы аракеттерди көрүү менен, ар бир улуттун баалуулуктарын, тилин сактап калыш керек экендиктерин белгилешти.
Өзбек улуттук маданий борборунун жетекчиси Бахтияржан Фатахов Кыргызстан элдеринин биримдигин чыңдоодо кыргыз тилинин мааниси чоң деп баса белгиледи. Ал гана эмес, жалпы түрк элинин биримдигин курууда кыргыз тили чоң роль ойнойт деп кошумчалады. Андан сырткары, студенттер, жаш окумуштуулар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстан элдеринин биримдигин чыңдоо боюнча доклад жасашты.