Адамдын колунан жасалган кызыктуу көрүнүштөрдү каттап келген Гиннесс рекорддор китеби Женевадагы эң чоң афишаны ачты.
Женеванын Плен районунда дүйнөнүн суроосу, эң чоң афишасында жазылды.
1200 киши тарабынан уюштурулган 200 миң евро сарпталып, даярдалган афиша кара түскө боёлгон жерге алтын капталган жазуулар менен «Жетиштүү кирешеңиз болсо, кайсы иш менен алектенет элеңиз?» деген суроо камтылган.
Калыс Лена Кухлманын каттоосуна алына турган рекорд афишанын жазуусу 60 тилге которулат. Бул афишанын урааны кайра иштелип чыгып, ийинге көтөрүүчү сумкаларга жазылат. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн афиша рекорду болуп келген 7164 метрлик афиша Ирактык Фаред Лафтага таандык болчу.
Ал эми бул афиша 8000 метр болуп, салмагы 7 тонна турат деп жазат sondakika.com агенттиги.