Бирикменин өкүлү Расул Үмбөталиевдин айтмында, кандай кырдаал болбосун митинг сөзсүз өтөт.

«Жамгыр, кар жааса да акцияны өткөрөбүз. Биз президенттин отставкасын, «Элдик парламенттин» лидерин бошотууну талап кылабыз», -дейт Р. Үмбөталиев.

Эртең сат 10:00дө Жеңиш паркында 1500 адамдын катышуусунда өтөт.

Белгилей кетсек, бирикменин лидерин 12-майда УКМК бийликти күч менен басып алууну көздөп жатат деп камакка алган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү