Нурабад, Тепе-Коргон (Араван району), Чоң-Дөбөн (Жумгал), Кумбел (Ысык-Көл району), Алтын-Булак жана Мырза-Аке (Өзгөн) айылдык кеңештеринде кезектеги жана мөөнөтүнө чейинки шайлоолор өттү.
БШК билдиргендей, шайлоочулардын 41,64% катышып, катталган 31 миң 205 кишиден 12 миң 995и добуш берди.
Шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар катталган жок. Акыркы жыйынтыктары азырынча чыга элек.