Базаркоргон районунда Арстанбаб айылында кечээ Бабаш-Ата тоосуна жааган катуу жаандын кесепетинен Кызыл-Алма сайында суунун көлөмү көбөйүп, 500-600 метрге жакын сайдын нугу сел калдыктарына толуп, ички чарбалык жолду суу каптаган.

Анын айынан 170 метрге жакын ички чарбалык жолду бузулуп, 3 кожолуктун короолоруна сел суулары кирген, 1 ички чарбалык көпүрө кооптуу абалга, 1 ички чарбалык жана 1 электр мамычасы жараксыз абалга келип калган.

Ошондой эле Токтогул  районунун Өзгөрүш айыл аймагында Тактык жайлоосунда сел жүрүп, 32 баш койду сел агызып кеткен.