Алар президент Алмазбек Атамбаевдин отставкасын жана камакка алынган бирикменин лидери жана мүчөлөрүн чыгарууну талап кылышат.

13225185_1032488800177911_295964862_o

Кечээ Расул Үмбөталиев кандай кырдаал болсо дагы митинг уюштура турганын билдирген. Бирикме бүгүн 1,5 миң киши чогултууну көздөп жаткан.

Кыймылдын лидери Бекболот Талгарбеков жана мүчөлөрү Төрөбай Колубаев менен Марат Султанов «бийликти күч менен басып алууга аракет кылды» деп шектелип, камакка алынган.

Алар буга чейин бирикме түзүп, 50 миң адамдын катышуусунда митинг өткөрө турганын билдиришкен.

Бөлүшүү