Мамлекетти жетектеп баштагандан Алмазбек Атамбаевди 3 адам сотко берген. Учурда дагы бирөөсү даярданып жатат. Аны айрымдардын аброюна шек келтиргендиги, парламенттик шайлоо учурунда КСДПны колдоп, мыйзам бузгандыгы үчүн сотко беришкен.
Президентти жоопко тартууга болобу?
Өлкө башчыны текшерип, суракка алып жана кармоого болбойт. Себеби аны жоопкерчиликке тартууга тыюу салган иммунитети коргоп турат. Бирок жарандык жоопкерчиликке тартууга болот.
КСДПны колдогондугу үчүн
Парламенттик шайлоого аттанган “Эгемен Кыргызстан” партиясынын лидери Бектур Асанов президентти шайлоо өнөктүгү учурунда КСДПны колдогон сөздөрү менен Конституция жана шайлоо мыйзамдарын одоно бузду деп айыптап, аны административдик жоопко тартууну талап кылып, Бишкектин район аралык сотуна кайрылган. Бирок анын жыйынтыгы эмне болгону белгисиз бойдон калууда.
Бектур Асанов учурда бийликти күч менен басып алууга шектелип, камакта отурат.
“Бейөкмөт уюмдар элдин арасына бүлүк салууну көздөйт” деген сөзү себеп болгон
Укук коргоочу Нурбек Токтакунов бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн сындаганы үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн Биринчи май райондук сотуна кайрылган.
Президент эл аралык байкоочулар менен жолугушкан учурда “бейөкмөт уюмдар элдин арасына бүлүк салууну көздөйт” деп атаган.
Ошондой эле мамлекет башчы биометрикалык маалымат саясатына каршы болгондорду «эл душманы» деген. Сот Токтокуновдун арызын кабыл албай койгон.
Журналист Орунбеков дагы аброюна шек келтиргендиги үчүн сотко берген
Президент маалымат жыйында Орунбековду кимдир бирөөнүн буйругун аткарат деген такталбаган бир топ күнөөлөрдү койгон. Журналист символикалуу түрдө бир сом өлчөмдө моралдык чыгым талап кылып, сотко кайрылган. Биринчи май райондук соту анын арызын канааттандырган жок.
Атамбаев дагы Дайырбек Орунбековго каршы сотко кайрылып, жеңип алган. Журналист Ош окуясына байланыштуу макаласын жарыялаган. Ал жерде окуяга саясий баа берүү маселеси көтөрүлүп, мында азыркы бийликтин да күнөөсү бар экени айтылган. Башкы прокуратура макала президенттин намысына доо келтиргенин белгилеп, кылмыш ишин козгоп, 2 миллион сом айыппулга жыккан.
Мамлекет башчыны эми укук коргоочулар сотко берет
Укук коргочулар Азиза Абдырасулова жана Төлөйкан Исмаилованы президент “өлкөдө төңкөрүштү жасоону пландайт” деп сындаган.
Алар митинг өткөрүшүп, Атамбаев сөзүн төгүндөп, кечирим сурабаса, сотко берээрин билдиришкен.