• Жасалма кыргыз паспортттору менен кармалган 98 кытай күндүн темасы болду окшойт. Жакшы жашоо издеп, Кыргызстандын жарандыгын алгысы келгендер болсо го макул. Бирөөгө караганда көбүрөөк өнүгүптүрбүз, демек. Бирок, карапайым адамдар албайт экен да. Арасында криминал, качып жүргөн олигархтар бар.
  • Кытайлардын кылыгын ГЭС салып беребиз дегени он каттап жаап кетчүдөй. Долбоорлоруңарды көрсөткүлө, карап көрөлү дешти.
  • Оогандарга электр энергиясын сатканга акча таптык. Ооба, биринчи зымдарды өткөрүш керек, ага каражат керек. 170 млн доллардай карызга алдык. Өкмөт 15 жылда кутулабыз деп ишендирди.
  • Балким, андан эртерээк деле төлөп салабызбы. Кумтөр 15,5 млрд сом берсе. Жаратылышты булгаганы үчүн. Сот чечет.
  • Сот демекчи, президент Атамбаевге укук коргоочулар нааразы. Сотко беребиз дейт. Эргүү келип кетип, ал мамлекет башчысы болгондон бери кимдер менен соттошконун эстеп көрдүк.
  • Президент го утулбайт болушу керек. Бирок да эми. Амангелди Муралиевдин уулу менен сырдашып жатканын элестетиңиз. Сүйлөшөөр темасы да бир болот: Алтынбек Муралиев чет элдик тыңчы болгону үчүн соттолду, Атамбаев болсо чет элдик тыңчы дей коюп айыпталганы турат.
  • Жакшы кабарлардан сөз кылалычы. Ажылыкка катталганга жетишпей калгандарга 20сына чейин убакыт беришти. Мунусунда кечигип калбаңыз.

Ошоо, жаңылыктар… Бул жерде дагы башкалары да бар. Facebook’та дагы барбыз. Бүгүн “Ливерпуль” менен “Севильяны” унутпаңыз.

Баары жакшы болот! Баары өз убагында!

Урматыбыз менен, Saat.kg редакциясы.