Кыргызстанда КТРК кумсаларды ачык түрдө пропаганда кылып жатат деп айыптаган активисттер бүгүн «Биз бачабаздыкка каршыбыз» акциясына чыгышты.

Чогулгандардын нааразычылыгынын башкы талабы кумсаларды массалык маалымат каражаттары пиарлаганды  токтотсун деп аташты. «Аларды ачыкка чыгарган адамдарды баатыр кылып кол чабуу менен тосуп алуу жийиркеничтүү»,- деген ойлорун айтып өтүштү.

Уюштуручалырлын бири, журналист Улукбек Карыбек уулу кыргыз жигиттери мындай уяттуу нерсеге жол бербейт деген оюн айтты.

«КТРК элдин акчасынан багылып аткандан кийин гейлерди пропагандалоодон мурун жарандардын 90% мусулмандар экенин, анын үстүнө үрөй учурган мындай адамдар дитибизде да жок болгонун эске алып туруп, бул кадамга барса болмок. Эми биз азыр КТРКнын алдына барып, жетекчинин эл алдына чыгып кечирим суроосун талап кылабыз», — дейт.

Биз мыйзамдуу түрдө кумсаларгы тыюу салынып, КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков жеке жоопкерчиликке тартылсын деген талаптарды коёбуз дешет уюштуруучулар.

Бөлүшүү