Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова жана Төлөйкан Исмаилова президент Алмазбек Атамбаевди сотко берип, моралдык зыян үчүн 4 миллион сом төлөп берүүнү талап кылды.

Алар Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылган.

Алар буга чейин президенттин айткан сөзүн төгүндөшүн талап кылышкан. Бирок президент тараптан жооп болбогондуктан сотко беришти.

Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаев укук коргочулар Азиза Абдырасулова жана Төлөйкан Исмаилованы “өлкөдө төңкөрүштү жасоону пландайт” деп сындаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү