Бишкекте интеллектуалдык жана инновациялык ресурстардын көргөзмөсү уюштурулуп, уникалдуу жасалган иштери менен Кыргызстандын кичи ишканалары, жогорку окуу жайлары жана жеке адамдар катышты.
Көргөзмө ойлоп табуучулук, өнөр жай, айыл чарба, балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылыгы, кол өнөрчүлүк боюнча өтүүдө. Балдар жасаган робот–машиналар, студенттердин чыгармачыл тобу менен жасалган дрондор (дистанциялык түрдө башкарылган видеокамера орнотулган аппарат), заманбап материалдар менен жасалган боз үй жана башка айыл чарба, күн энергиясы менен жылытуучу түзүлүштөрдүн топтомдору эл сынынан өттү.
Негизги уюштуруучу болгон Кыргызпатенттин төрагасынын орун басары Зина Исабаеванын айтымында, иш-чаранын максаты Кыргызстандагы көмүскөдө калып жаткан жаратман, ойлоп табуучу адамдардын эмгектери менен чыгармачыл потенциалын элге жана инвесторлорго көргөзүү болуп эсептелинет.
«Биринчи жолу уюштурулуп жатат, мындан ары да уланат. Жүзгө жакын катышууга катталуулар болуп, анын көбү бүгүн бул жерде катышууда. Эң негизгиси, ойлоп табуучулар бул иш-чарага бекер катыша алышты», — деди.
Бир аздан кийин көргөзмөдөн видео жарыялайбыз.