Тарыхчылардын бир бөлүгү кыргыздар түрк эмес, түрктөрдөн да байыркы элбиз деп атап келсе, айрымдары түрк элдеринин ичине киребиз деген ойду айтып келишет. Кыргыздар түрк элиби же жөн гана түрк тилдүү элби, деги эле бүгүнкү күндөгү түрктөр менен кандай байланышы бар, алардан байыркыбы же алардын балдарыбы?
Кыргыздын келип чыгышы
Атактуу кыргыз санжырачылары жана орто кылымдык белгилүү тарыхчылар кыргыз санжырасы мифтик Адам ата, Обо энеден башталганын айтышат. Адам атанын Нух пайгамбарга чейинкиси белгисиз. Нух пайгамбардын Топон суусунан кийинки анын Сам, Яфес, Хам, Түрк Өгүз (Огуз) ханга чейинкисин, Өгүз хандын улуу аялынан 6 уул болгонун жазат. Андан ары: Ал уулдары –Күнхан, Айхан, Жылдызхан, Көкхан, Тоохан, Деңизхан. Бул 6 уулунун ар биринен төрттөн уул болгон. Тоохандын уулдары: Кыргыз хан, Саир, Имар, Алайунтали.
Мындай пикирди орто кылымдык Орто Азия тарыхчылары жана кыргыз санжырачылары (Тоголок Молдо, Талип Молдо, Үмөт Молдо ж.б.) да бекемдешет. Ал эми кээ бир санжырада Нух пайгамбар , андан Яфес, андан Түрк хан, андан Элже (Элче) хан, андан Делоку хан, андан Күйүк хан, андан Аланча хан, андан Могол хан, андан Өгүз хан, андан Тоохан, андан Кыргыз хан деп белгилейт. Андан кийинки тукумунун (көбүнчө 20 же андан ашыгыраак) бири Долон бий болгон.
Түрк урууларынын ата-бабалары деп эсептелген хуннулар туурасында тарыхый булактарда биздин заманга чейин III кылымда же болбосо 220-жылдан тарта эскерилет. Ошол менен катар эле бир нече түрк тилдүү урууларды, анын ичинде кыргыздар да ушул кылымдын аягында эскерилген. Белгилүү болгондой хуннулар дөөлөтү Борбор Азиядан Европага чейин таралган.
Түрктөр кайдан келип чыкты?
III-IV кылымдардагы согуштарда тоба же табагач деп аталган көчмөн элдер Түндүк Кытай аймагын IV кылымдын аягында толугу менен багындырып алат. Көптөгөн жеңип алган уруулардын арасында Ашинанын беш жүз үй-бүлөсү болгон. Бул беш жүз үй-бүлө IV кылымда кытайлардан хуннулар жана сянбилер тартып алган Шэньсинин батыш бөлүгүндө жашаган аралаш ар түрдүү уруулардан келип чыккан. 439-жылы тобалар хуннуларды жеңип, Хэси аймагын өздөрү негиздеген Вэй империясына кошуп агат. Бул убакта Ашина беш жүз үй-бүлөсү менен жужандарга качып барган жана Алтай тоолорунун түштүк жагынан орун-очок алып, жужандар үчүн темир казып, ээритип иштеп берип турушкан. Бул окуя байыркы түрктөрдүн бүткүл элинин эмес, алардын башкаруучу төбөлдөрүнүн гана келип чыгышы жөнүндө баяндайт. (Л. Н.Гумилевдин Байыркы түрктөр китебинен)
Ал эми уламыштар боюнча гундардын бир бутагы батыш тарапка сүрүлөт. Бул бутак коңшулары тарабынан тыптыйпыл кырылган. Бир гана душмандар колдорун жана буттарын кесип, өзүн сазга ыргытып жиберишкен тогуз жашар бала аман калган. Ал жерде андан бөрү канчыктын боюна бүткөн. Баланы баары бир өлтүрүшөт, бөрү канчык болсо Алтайга качып барып, ал жерден он бала төрөйт. Тукуму көбөйүп, бир канча муун өткөндөн кийин Асянь-ше деген бирөө өзүнүн бүткүл аймагы менен үңкүрдөн чыгып, өзүн жужан ханынын вассалы деп тааныган. Ошентип, бул уламышка ылайык, алтайлык түкйү-түрктөр (түркүт) батыш гунндардан, бирок түздөн-түз эмес, мистикалык жол менен, бөрү канчык аркылуу келип чыккан эл болуп саналат. Бирок ал мезгилдеги батыш гунндар убакыттык сандарды эске алганда түрк элинин пайда болушу чындыкка туура келбей калат.
Мейли уламыш, мейли чын болсун, качкындар туш келген Алтайдын тоо этектеринде хуннулардан келип чыккан жана түрк тилинде сүйлөгөн байыркы уруулар жашаган эле. Анан да кытайлар түрк ханы же бөрү деген сөздү синоним катары айтышкан. Ал эми карапайым элди Ту-кю деп атап, ал кийин этностук жалпылыкты алып кеткен.
Байыркы түрктөр менен учурдагы түрктөрдүн байланышы кандай?
Ашина баштаган Алтайга качып келген беш жүз үй бүлө, байыркы түрк тилинде сүйлөгөн элдердин чөйрөсүндө 100 жылдан ашуун жашап, мурдагы тилин унутуп түрк тилине ооп кетишкен. Жергиликтүү түрк тилдүү уруулар (печенег, гундар, кыргыздар, гуздар, каңгылар ж.б. белгисиз көптөгөн майда уруулар) жана келген беш жүз үй-бүлө биригип түрк деген этнонимди алышкан. Ошондуктан түркүт жана байыркы түрк тилдүү элдер эки башка болуп саналат. Түрк деген этнонимди (кытайларда «туцзе» деп аталат) кытай летописинде биринчи жолу 546-жылы эскерилген болчу. Согдулалар, персилер жана византиялыктар жаңы талаа багынтуучуларын «түрк» деп аташкан. Бул сөз элдин өз аты, руна сымал текст боюнча алганда «тирүү», «тур», » түбөлүктүү», «күчтүү», дегенди билдирип, этностук мааниге караганда социалдык маанини көбүрөөк түшүндүргөн. «Түрк» дешип алды менен аскердик аристократиянын өкүлдөрүн гана аташкан. Акырындап отуруп бул ат башында аристократия турган урууга гана эмес, ага баш ийген көптөгөн тектеш элге да өткөн. «Түрк» деген сөз 1500 жылдын ичинде өзүнүн маанисин бир канча жолу өзгөрткөн. Биз көргөндөй, V к. түрктөр деп Ашина княздын айланасына баш кошкон ордо жана VI—VIII кк. түзүлүп, түркчө сүйлөгөн чакан эл аталган. Бирок ошол эле тилде сүйлөгөн коңшу элдер дегеле түрктөр деп аталган эмес. Арабдар Борбордук Азиядагы көчмөндөрдүн баарын сүйлөгөн тилине карабастан түрктөр деп аташкан. Ошондуктан түрк деген түшүнүк тегин эске албаган түшүнүк болуп саналган.
Эми мамлекеттин пайда болушуна келсек, Ашина уругунун өкүлдөрү жергиликтүү бир нече элди өзүнө баш ийдирип алгандан кийин жуан-жуандык (авардык) кагандыкка баш ийишкен түрк уруулары VI кылымдын жарымында жуан-жуандарга каршы согуш жарыялап, алардын таш талканын чыгарат да анын ордуна өздөрүнүн кагандыгын жарыялашат. Ошентип Борбор Азияда жаңы Түрк кагандыгы пайда болгон.
Ошондуктан түрк тилинин келип чыгышы жана өздөрүн түрк деп атаган элдин түзүлүшү таптакыр эки башка көрүнүш. Азыр түрк тилдери деп аталган тилдер байыркы заманда түзүлгөн.
Ошондо биз кимбиз?
Ал эми түрк тилиндеги чөйрөнүн өзү биздин заманга чейин эле пайда болуп, түрк (түркүт) эли 546-жылы пайда болгон учурда Алтайдан батышты карай алыс жакка, гуздар, каңгылар же печенегдер, байыркы болгарлар жана гунндар жашаган өлкөлөргө таркоого үлгүргөн. Ал жакка өздөрүнүн мамлекеттерин курушкан. Ал эми кыргыздар бул түрк (түркүт) элинин курамына кирбестен өз алдынчалыктарын сактап турушкан. Кыргыздар б.з.ч эле Түндүк Монголиядан Эне-Сайга көчүлгөн. Кыргыздар тарыхый булакта эскерилгенден 750 дан кийин түрк эли жана Түрк кагандыгы пайда болуп жатат, ал убакта кыргыздардын өз алдынча анча чоң эмес мамлекети бар эле.
Жогоруда аталган санжыралардан жана тарыхый эмгектерден алынган санжыраны Түркия түрктөрү да бекемдешет. Бирок алардын айтуусу боюнча түрк деген ат Арал деңизи менен Теңир-Тоолорун арасындагы 4000 жыл мурда жашаган эл өзүн түрк деп атай баштаган деп белгилешет. Түрк деген атты ХХ кылымдын башында алган Осмон империясынын эли, бүгүнкү күндө Яфестин уулу түрктүн түз тукумубуз деп келишсе, кээ бирлери V кылымда пайда болгон Ашина уруусунан чыккан түрк элин өздөрүнүн түз тукумдарыбыз деп билишет. Бирок Түрк кагандыгы VIII кылымдын аягында бир этностук эл болбой тектеш тилде сүйлөгөн Борбор Азиянын көчмөн элдери атала баштаган. Алардан чачырап тараган огуздар, селжуктар батышка сүрүлүп, бир нече мамлекеттерин негиздешет. Селжуктар эң батышка сүрүлүү менен XIII кылымда Осмон имериясын түптөшүп ал ХХ кылымдын башына чейин өкүм сүргөн. Бул мезгилдерде Европалыктар осмон түрктөрү деп Анадолуда жашаган түрк тилдүү элди атаса, Түркстан түрктөрү деп Орто Азиияда жашаган кыргыз, казак, өзбек, кыпчак, түркмөн элдерин аташкан. Бүгүнкү күндө Түркия мамлекетинин түрктөрү башка түрк тилдүү элди түрк аты менен кошо атап жүрүшөт. Мисалы, кыргыз түрктөрү, казак түрктөрү. Өзбек түрктөрү. Татар түрктөрү, азербейжан түрктөрү ж.б. деп атоо менен өздөрүн түрктөр деп гана атап келишүүдө. Ал эми биз калган түрк тилдүү элдер эч качан түрк деген ат менен өзүн атабайт.
Учурда дүйнөдө 50гө чукул түрк тилдүү улут жашап, жалпысынан 220 млндон ашуун түрк тилдүү эл жашап келет.