Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев менен ЖКнын экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун соту каралды.

Коркмазов өз сөзүндө аны колдогондорго ыраазычылык билдирди.

“Биз дагы да болсо биринчи күндөн тарта өз позициябыздабыз. Мен жөн гана ортомчу болгом”, -дейт ал.

Белгилей кетсек, Хажимурат Коркмазов экс-мэр Нариман Түлеевди бошотуу маселесин чечип берүү үчүн анын кызынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал акчаны Данияр Нарымбаевге бермек.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү