Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алганда, кадр даярдоо, медициналык тейлөөнү жакшыртуу тууралуу сөз кылды.

Ошондой эле өкмөт башчы калкты медициналык жардам менен камсыз кылуу жеңилдиктерине көңүл бурду.

“Элдин бийликке ишенишине билим берүү жана медицина тармагынын салымы чоң. Сапаттуу болушу зарыл”, — дейт С. Жээнбеков.

Талантбек Батыралиевдин айтымында, ооруканаларды ремонттоо үчүн республикалык бюджетте каражат тартыш болгондуктан, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу керек.

Бөлүшүү