Алар кечээ Казакстандын маданият жана спорт министири Арыстанбек Мухамеди улы Астанада калың элдин алдында берген отчётунда кыргыздар тууралуу пикирин айтканы үчүн кечирим сурашты.

Министр адабият туурасында кеп салып жатып, кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовду алкоо менен азыркы өспүрүм кыргыздардын Орусиянын шаарларында ажаткана тазалап жүргөнүнө кейигенин айткан. Ал мындай көрүнүш өлкөдөгү жумушсуздуктун, келечектүүлүгүнүн жоктугунан болуп жатканын айтуу менен бул нерсени Чыңгыз Айтматов алдын ала сезе билип айткан деген пикирин Казакстандык Tengrinews.kz сайты жазып чыккан.

Андан кийин министрдин сөзү социалдык тармактарда тарап, казактардын, кыргыздардын кызуу талкуусуна айланган. Казакстандык айрым коомдук активистер жана карапайым калк кыргыздардан министрдин сөздөрү үчүн кечирим сураган билдирүүлөр таратышты.

«Кыргыз туугандарымдын алдында бул министр үчүн кечирим сурайм, эмне дейбиз, кээ бир маданият министрлеринде «маданият» болбойт экен», — деп жазат коомдук  активист, «Болатхан Тайжан» фондунун президенти Мухтар Тайжан.

Дагы бир активист Аян Шерипбаев кечирим сурап, кээ бир бийлик адамдары өз акылынан ушинтип адашып калыша турганын айткан.

Ошондой эле кайрымдуулук иштери менен жүргөн белгилүү инсандар жана жөнөкөй тургундар социалдык тармактар аркылуу кечирим сурап, министрди айыптаган пикирлерин билдирүүшүдө.

Ал эми кыргыз коомчулугунда бул нерсени кызуу талкуулап, айрым активистер ачууланган пикирлерин билдирип жатышат.