Кыргызстандын жети дубанындагы ЖОЖдордун ректорлору ички академиялык мобилдүүлүктү камсыз кылган “Ош декларациясына” кол коюшту.

Ош мамлекеттик университетинде «Студенттер — билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!» аттуу республикалык ЖОЖдор арасындагы таланттуу студенттердин достук фестивалынын алкагында уюштурулду.

Аталган окуу жайдын saat.kgге берген маалыматына караганда, декларацияда университеттер аралык педагогикалык тажрыйба алмашуу, жаш окумуштууларды башка ЖОЖдун профессорлорунун сабактарына катыштыруу, онлайн-лекция, видео-концеренцияларды уюштуруу сыяктуу ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү иш аракеттери камтылган.

Аймактардагы жогорку окуу жайлар биргелешип, эл аралык ири долбоорлорду ишке ашырууга, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Жети дубан ЖОЖдору

Жети дубандан келген жогорку окуу жайлардын ректорлору ички байланыштардын жанданышына, бирдиктүү болуп өлкө үчүн билимдүү кадрларды биргелешип даярдоого салымын кошкон мындай иш аракетке демилгечи болгон Ош мамлекеттик университетинин ректоруна ыраазычылыктарын айтышты.

чогулушта

студенттер сыйлык алышты

Бөлүшүү