Эл өкүлүнүн пикиринде, айлыктын жогорулашы мугалимдерге кошумча түрткү болуп, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө шарт түзөт.

Акылбек Жапаровдун (“Бир Бол”) пикиринде, Кыргызстандын жаштары учурда кыргызча да, орусча да, англисче да жакшы сүйлөй албайт.

“Ал арада Казакстанда үч тилди тең өнүктүрүп кете алышты. Бүтүрүүчүлөр казакча, орусча, англисче билишет. Эми алар кытай тилин дагы окуйбуз деп жатышат. Биз эне тилибизди бала бакчадан тартып өнүктүрүшүбүз керек. Мугалимдерге бөлүнгөн дотацияны көбөйтүп, кыргыз тилдүү бала бакчаларды ачуу зарыл”, — деди ал ЖК отурумунда.