YouTube’дун кыргыз колдонуучуларына жагымдуу жаңылык. Эми видеолорду кыргызча субтитрлер менен көрүүгө болот.

Ал үчүн видео кошкон колдонуучу субтитрлерди кошуусу зарыл. Ал эми башка көрүүчүлөр каалаган убакта титрлерди жандырып же өчүрүп койо алышат.

Колдонуу жөпжөнөкөй. Эң башкысы текстин маанисин ылдам түшүнүп алууга болот.

Алгач субтитрлерди жандырабыз. Андан ары жөндөөлөр-субтитр-автокоторуу-кыргызча деп басып коюу жетиштүү. Жетектеме алдыдагы сүрөттөрдө .

РИС4

РИС5

Рисунок1

Программаны жеткиликтүү кылып берген Чоробек Сааданбеков болду. Ал буга чейин Google Translate’ке кыргыз тилин кошуп, интернет айдыңында эне тилибизди жылдырганы менен белгилүү. Сааданбеков дүйнөдөгү эркин Википедияны өнүктүрүүдөгү эң мыкты авторлордун катарына кирген.