Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев өкмөттүк жыйында билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө кыргыз паспортторун жана улуттук валютаны жеке компаниялар чыгарып келет.

«Бул толук кандуу коопсуздукту камсыздабайт. Дүйнөлүк стандарттарга жооп берип, бардык коргоо элементтерин камтыган “Мамлекеттик белги” түзүү керек. Бул үчүн 20 миллион евро талап кылынат», — дейт Сарпашев.

Буга чейин 17-майда Стамбулда кыргыз жасалма паспорттору менен 98 Кытай жараны кармалган.