КСДП фракциясы Аксы районунун Кара-Суу айылдык аймагында болушуп, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепеттери менен таанышты.
Райондун акими Медет Айдаралиев табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.
Ал эми айылдын жашоочулары ар кандай көйгөйлүү, чечилбей жаткан маселелерди айтып, аларды чечүүнү суранышты. Негизинен жол, жайыт, турак-жай курууга жер тилкелерин бөлүп берүү, Кара-Суу айыл өкмөтүн шарты катаал айыл өкмөттөрдүн категориясына киргизүү сыяктуу маселелер жөнүндө сөз болду.
Жергиликтүү кеңештин депутаты Арстанбай Шайдылдаев айыл өкмөткө интернет байланышын жеткирип берүү зарыл экенин айтты.
“Бизде 7 мектеп болсо, аларда интернет байланышы абдан начар. Теледен 3G интернет байланышын көрүп калабыз. Мына ошону биздин айыл аймакка жеткирип берсе, балдардын билим алуусуна, дүйнө таанымдарынын кеңейүүсүнө, чет жерлер менен байланышып турууга да жакшы болот эле. Антпесе, биз 4 баракты жөнөтүү үчүн райондун борбору Кербенге барабыз”, — дейт А. Шайдылдаев.
Фракция лидери Иса Өмүркулов парламенттин жыйынында айтылган көйгөйлөрдү көтөрүп, маселелерди тиешелүү министрлик, ведомстволорго жеткире турганын билдирди.
3-майда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Аксы районунун Кара-Суу, Кызыл-Туу айылдык аймактарында сел жүрүп, 5 үйдүн ичине суу кирип, 2 бөлмөлүү убактылуу турак (времянка) кулап калган. Ошондой эле, 4 чакырымга созулган чарбалык жолду шагыл таштар каптап, 1 көпүрөнүн эки тарабын суу каптаган. Кара-Суу айылдык аймагына караштуу Кезарт айылында 1 мал сарай кулап, 170 баш кой-эчкисин басып калган.