Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна жолдонгон катта белгиленгендей, Рио-де-Жанейро шаарында жарым миллионго жакын турист Зика вирусун жуктурушу мүмкүн.
Өз кезегинде Бразилия августта ооруга чалдыгуу коркунучу өтө төмөн экенин билдирүүдө, бирок билеттер аз санда гана сатылууда. Мунун себеби Зика вирусунун жайылышында.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 1-февралда Зика вирусун ааламдык коркунучтарга киргизип, чукул кырдаал режимин жарыялаган.