Оюн жалпысынан тең өттү. Жалгыз голду “Алайдын” чабуулчусу Алиа Силла пенальтиден киргизе алды.

Ахматбек Суюмбаев атындагы стадиондо өткөн оюн улуттук курама үчүн Иран менен беттешүүнүн алдындагы даярдык матчы болду. 17-мүнөттө орой ойногону үчүн “Алайдын” коргоочусу Рахмонов оюндан четтетилди. 24-мүнөттө болсо Ош командасы пенальтиге ээ болуп, оюн эсебине ача алды.

38-мүнөттө Антон Землянухинге эсепти теңеп коюуга мүмкүнчүлүк түзүлгөн эле. Бирок топ штангага тийип калды. Ошентип, биринчи тайм “Алайдын” жеңиши менен бүттү.

Экинчи таймда кураманын машыктыруучусу Александр Крестинин 10 оюнчуну алмаштырды. Ошентсе дагы, оюн эсеби өзгөргөн жок. Жыйынтык – 1:0.