Алгач Маск 2018-жылы Flying Dragon 2 ракетасын жөнөтөт. Ал эми 2024-жылы биринчи адам барат деп пландаштырууда.
“Flying Dragon 2 ракетасы астронавттарды эл аралык космос станциясына жеткирүү үчүн иштелип чыккан. 2018-жылы биз бир аппаратыбызды жөнөтөбүз”, — деген сөздөрүн CNBC телеканалы жеткирди.
Марска аппараттар 26 ай сайын жөнөтүлүп тураары айтылат. Ошондой эле, Flying Dragon 2ге жети киши батып, Марска чейинки сапар 18 ай болоору дагы маалым.
“Марска мындай жол менен барууга кеңеш бербейт элем. Бул өтө эле узак убакыт. Анын үстүнө кайра Жерге кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк жок. Биз муну атайын кичинекей шрифт менен жазып жатабыз”, — деп тамашалап, — “Кайсы жерде өлсөм деп тандап жатсаңыз, Марс – жакшы тандоо”, — деп сөзүн жыйынтыктады.
Буга чейин Маск SpaceX Марска 2020-2025-жылдары адам алып барат деп айткан эле. Жүк ташуучу Dragon кемеси учурда космос станциясына учуп барууда. НАСА менен түзүлгөн келишимге ылайык, SpaceX компаниясы Dragon ракетасынын базасында адам ташый турган кеме курууда. Аны 2017-жылы биринчи жолу сынактан өткөрүшөт.
Булак: tengrinews.kz