Шайлоочулар ассоцациясынын пикиринде, партия мыйзамдарды бузуп жатат.
“2010-жылы 27-июнда кабыл алынган конституция боюнча, эч бир партия мамлекеттин атын атай албайт. Бишкек шаардык эл аралык сотко, юстиция министрлигине кайрылдык. Алар тез аранын ичинде атын өзгөртүшсүн”, — деп ассоциациянын президенти Бакыт Керимбеков журналисттерге билдирди.
Анын пикиринде, партия өлкөнүн атын алгандыгы үчүн элден кечирим сурашы керек эле. Мындан тышкары, Керимбеков Кыргызстан деген сөзгө башка сөздү кошуп атаса боло турганын айтты.
“Мисалы “Алга Кыргызстан”, “Бүтүн Кыргызстан” деп. Эгер шайлоочу кайсы партияны шайлай турганын чече албай жатса, “Кыргызстан” биздин мамлекеттин аты деп шайлап коюшат”, -деди ал.
Партия элдин укугун бузуп жатканын, мындай көрүнүш эч бир мамлекетте жок экенин кошумчалады. Шайлоого чейин активисттер бул маселени бир нече жолу козгошкон.