Бүгүн Ош шаарында “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары-2016нын” алкагындагы “Этномаданият” фестивалы өтүп, чыгармачыл жана фольклордук жамааттар, кийим-кече дизайнерлери, кол өнөрчүлөр, сүрөтчүлөр, модель агенттиктери жана өнөрлүү ашпозчулар катышууда.

Шаардын алты аянтчасында кол өнөрчүлүк, килем токуу, устачылык, улуттук кийимдерди тигүү жана ашпозчулук боюнча мастер-класстар өтүп жатат.

Фестивалга мамлекет башчылары, депутаттар, чет өлкөлүк дипломаттар, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Иш-чара эртең эстрада жылдыздарынын гала-концерти менен аяктаарын “ДКО-2016нын” катчылыгы билдирди.