2015-жылга салыштырмалуу быйыл 40 миң гектар көбүрөөк жер айдалды. Жалпы 593 миң гектар айдоого берилди.
Ысык-Көл жана Нарын облустарында 2015-жылга караганда азыраак, калган облустарда көп иштетилди.
Айыл чарба министрлиги Талас облусуна кант кызылчасын эгүүгө сунуштарын айткан болчу. Бирок бүгүнкү күнгө чейин 1,3 миң гектар жерге гана айдалган. Көбүнчөсү көнүп калган төө буурчакты эле отургузушууда. Чүйдө болсо 9,3 миң гектар эгилген.
Түштүк аймакта 1,7 миң гектарга тамеки тигилди. Картөшкө былтыркы жылга караганда республика боюнча 6,2 миң гектарга көп айдалды. Чүйдө көп айдашты.
Министрликтин маалыматы боюнча, учурда айдоо иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, бүгүн 3-июнда талаа күнү белгиленүүдө.