Өтүп жаткан “Madi in KG” көргөзмөсүнүн урааны “өзүбүздүкүн көрсөтчү мезгил келди” деп аталат. Катышууга 55 компания көрсөтүлгөн.
Ата мекендик бизнес ассоциациялары жана жеке сектор өкүлдөрү продукцияларын эл аралык деңгээлде илгерилетүү жана инвесторлорду тартуу максатында тааныштыруу үчүн алып чыгышкан.
“The Kyrgyz House” жеке ишканасы талкандын арпа, буудай, жүгөрүдөн жасалган үч түрүн жана жылкы этинин, казы-картанын жаңыча ышталган түрүн жасашат.
“Биз азыр сертификациядан өтүп жатабыз. Алгач Бишкек шаарындагы дүкөндөргө продукциябызды киргизип алсак, кийин Казакстан, Өзбекстан жана Орусияга чыгаруу планыбызда бар”, — дейт ишкананын ээси Кубан Касымбеков .
Ал эми “Гранд Трейд Бишкек” компаниясы чыгарган нымдуу кол аарчыларын Тажикстанга, Казакстанга жана Өзбекстанга экспорттойт. Бул ишкана биринчилерден болуп нымдуу кол аарчыны жасап чыгарууда.
Завод тууралуу Акылбек Жумагулов төмөнкүлөрдү айтып берди:
“Кыргызстандын рыногуна чыкканыбызга беш ай болду. Нымдуу бет аарчынын 12 түрү бар. Материалдар менен иштетүү технологиясы Түркияныкы. Калган бардык иши Кыргызстанда жасалууда”, — дейт.
Жеке ишкер Гүлмира Акматованын колунан жаралган кийим-кече, жууркан жана башка буюмдар, чыныгы жүндөн ийрилгендиктен жана жумушу оор болгондуктан баасы да кымбат. Ошондуктан, азыр гана сатыкка коюп, көбүнчө чет өлкөдөн буйрутма алып иштейт.
“Бул иш менен 1997-жылдан бери алектенип келатабыз. Койдун, эчкинин жүнүн ийрип, андан кайра кийим токуйбуз. Максатыбыз унутта калып бара жаткан кездеме токууну улантуу, кыргыз оюсунун турлөрүн жана өрмөктү жандантуу. Өрмөк азыр боз үйдүн жабдуусуна гана колдонулат. Ал эми биз аны кийимдерге да тагып жатабыз” – дейт жеке ишкер.
Эртең да көргөзмө уланып, Швейцариядан, Европа биримдигинен келген делегациялар катышарын башкы уюштуруучу — Америка соода палатасынын директорунун орун басары Зарина Чекирбаева билдирди.