Президент Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жолукту.

Жолугушуунун башында Медведев эки өлкөнүн кызматташуусуна салымын кошкону үчүн “Данакер” ордени менен сыйланды.

Атамбаев Медведевдун дайыма колдоо көрсөтүп келгенин белгилеп, элдин атынан ыраазычылык билдирди.

Дмитрий Медведев мамлекеттик сыйлык үчүн ыраазычылыгын айтты.

“Орусия менен Кыргызстандын достугунун бекемделишине болгон күчүмдү жумшайм”, — дейт Медведев.

f8fcf12b-aa09-41f9-adf4-54a79e6cfbb6

Эске салсак, Дмитрий Медведев Кыргызстанга бүгүн келди. Ал 6-7-июнь күндөрү Бишкекте өтө турган көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммитине катышат.

Бөлүшүү