Казакстан картөшкөнү киргизбей баштагандан кийин Чоң-Капка, Ак-Тилек жана Ак-Жол унаа жол пункттарында көзөмөл күчөгөн.

Ветринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын директорунун орун басары Амангелди Исаевдин айтымында, азыр деле ошол тартипте иштеп жатат.

«Айыл чарба азыктары фитосанитардык инспекциясынын сертификатын алгандан кийин гана жөнөтүлүп баштайт. Бишкек менен Оштогу анализдөө жайлары күнү-түнү иштеп, атайын кызматкерлер текшерип турушат. Андыктан, продукциясын экспорттойм деген дыйкандар өз маалында текшерүүдөн өтүшү керек», — деди ал.

Мындан тышкары, ал алтын түстүү нематода  –  адамдын ден соолугуна зыян алып келбей турганын айтты.

«Оору топурактын курамында болот. Башкача айтканда, экологиялык жана экономикалык зыянын тийгизет. Нематода бар жер он жылдап кетпейт, түшүмдүн  болбой калышына 30-90% таасир этет”, — дейт Исаев.

Агро өндүрүш комплекси жана экология бөлүм башчысынын орун басары Алмаз Жээналиев болсо фитосанитардык көзөмөл жок болуп, дыйкан чарба продукциялары сертификатсыз жөнөп жаткандыктан, ушундай көйгөйлөр чыгып жатканын белгиледи.

Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин маалыматы боюнча, Орусия Кыргызстандын жаңы картөшкөсүнө кызыкдар.

“Картөшкөнүн жаңы чыгып жаткан түшүмүндө оору жок болот. Ошондуктан да эркин жөнөтүлө бермекчи», — деди Керималиев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү