Кыргыз экономикасы көптөгөн башка ачык экономикалар сыяктуу эле түрдүү тышкы таасирлерге дуушар болду.
Президенттин куттуктоосунда өткөн жылы дүйнөлүк чийки зат рынокторундагы тышкы макроэкономикалык шарттар өлкөнүн экономикалык өнүгүшү үчүн жагымсыз болгону айтылган.
“Былтыр ушундай шарттарга карабастан Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигине кирген өлкөлөрдүн арасынан эң чоң көрсөткүчкө жетишип, экономиканын өсүшү 3,5 пайызды түздү. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин туруктуу өсүү тенденциясы уланууда. “Бизнес жүргүзүү” эл аралык рейтингинде позициябызды жакшыртып, 2014-жылдагы 102-орундан 2015-жылы 67-орунга көтөрүлсөк, бюджеттин ачык-айкындуулук рейтингинде 2015-жылы 76-орундан 34-орунга жогорулай алдык”, — деди мамлекет башчы.
Ошондой эле Алмазбек Атамбаев кызматкерлерди асыл максаттарга жетүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшайт деп ишене турганын билдирди.
Бүгүн финансы жана экомика тармагындагы кызматкерлердин кесиптик майрамы.