Мындай кайдыгерликтин айынан көп адам жапа чегет.

Бул тууралуу мамэкотехинспекциянын кызматкери Бакыт Жолчиев билдирди.

Жолчиев Жал кичи районунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдү мисал келтирди.

“Бул объектте курулуш нормалары, коопсуздук чаралары, укуктук-ченемдик актылары одоно бузулган. Айланасы тиешелүү деңгээлде тосулган эмес. Өтүп бараткан элге курулуш материалдары түшүп кетиши ыктымал”, — деди ал.

Жолчиев билдиргендей, текшерүү келгенде иреттеп коюшат. Бирок бир нече убакыттан кийин кайра эле мурдагыдай иштерди улантат.

Бөлүшүү