Депутат Өмүрбек Бабановдун пикиринде, өкмөт башчысы министрлерди өз алдынча жумуштан кетире албаганы чоң көйгөйлөрдү жаратат.

Учурдагы мыйзамдарга ылайык, министрлер жумушун аткарып жаткан убакта айткан сөздөрүнө жана добуш бергенде кысымга алынбашы керек. Депутаттар өзгөртүү киргизип, министрлер өкмөттүн чечимин аткарбаса, андай кепилдиги жок болушун сунушташууда.

Галина Скрипкина белгилегендей, депутаттар көтөрүп чыккан өзгөртүүлөр премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтпөйт. Болгону азыр иштеп жаткан процедураны жеңилдетет. Учурдагы эрежелерге ылайык, премьер-министр өкмөт мүчөсүн кызматтан алуу үчүн президентке кайрылышы керек. Акыркы чечимди мамлекет башчысы кабыл алат.

“Азыр эгер президенттин пикиринде өкмөт башчысы министрди негизсиз кетиргиси бар деп чечсе, сунушун четке кагып коюшу мүмкүн. Өкмөт башчысы өз алдынча кетире албаганы чоң көйгөйлөрдү жаратат”, — деп Бабанов кошумчалады.

Балыкчы-Корумду унаа жолунун айланасында чыр чыккандан кийин экс-премьер Темир Сариев ал убактагы транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу үчүн президентке кайрылуу жөнөткөн. Бирок, Алмазбек Атамбаев аны негизсиз деп таап, кайтарган. Андан кийин президент Жогорку Кеңешке премьер-министрдин ыйгарым укуктарын так белгилөө тапшырмасын берген.

Бөлүшүү