Бишкектин Биринчи Май райондук соту президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн укук коргоочулар тарабынан жазган арыз боюнча каралып, 17:00дө уланат.

Укук коргоочулар Азиза Абдырасулованын жана Төлөйкан Исмаилованын сунуштарын сот Алмаз Калыбаев четке какты.

“Исмаилованын, менин атыман төрт сунуштар айтылды. Бирок тилекке каршы баары четке кагылды. Мисалы, президенттин сотко катышуусу. Биз тууралуу жалган сөздү окуган, айткан, мамлекет башчысына бере турган суроолорубуз жана тактай турган жагдайлар бар болчу. Ким тарабынан текст даярдалганы боюнча, анын президенттин атынан катышкан өкүлү жооп бере албайт. Суроолор бар. Экинчиден, судья үтүр, чекиттен бери карап жатат. “Бул жерде сенин фамилияң барбы?” деп кармап жатат. Бул жерде сот өзүнүн бийлигинен пайдаланып, көз каранды экенин көрсөтүп жатат”, — дейт Абдырасулова.

Атамбаев «Элдик парламенттин» жыйынына катышкан Абдырасулова менен Исмаилованы «грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр», “өлкөдө төңкөрүштү жасоону пландайт” деп сындаган.

Мындан кийин алар митинг өткөрүп, президент сөзүн артка кайтарып, кечирим сурабаса, сотко беребиз деп билдиришен. Мамлекет башчы тарабынан жооп болбогондуктан, сотко кайрылышып, ар бири 2 миллион сомдон компенсация сурашкан.

Буга чейин президентти бир нече жаран сотко берген.