Учурда массалык маалымат каражаттары жана социалдык тармактарда Чубак ажы Жалилов менен депутат Жанар Акаевди колдогон маалыматтар байма-бай чыгууда. Булардын коомчулуктун көңүлүн бурган кайым айтышуусу эмнеден улам келип чыкты?
Жума күнү намаз жана түшкү тамак үчүн тыныгууну узартуу боюнча маселелени «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов апрель айында Жогорку Кеңеште көтөргөн. Андан кийин бул сунуш боюнча Чубак ажы Жалилов атайын билдирүү жасап, ага ыраазычылык айтуу менен башка депутаттардын да колдоп берүүсүн суранган.
Дүйшөмбүдө Икрамов сунуштаган бул мыйзам долбоорун карашкан. Буга Жанар Акаев, Алмазбек Токторов, Аида Исмаилова, Альфия Самигуллина, Гүлкан Молдобекова жана Евгения Строковалар укуктук-демократиялык, динге негизделбеген мамлекетте жашайбыз деп каршы добуш беришкен. Ал эми сунушка демилгечи депутат Тазабек Икрамов, комитет жетекчиси Садык Шер-Нияз, Рыскелди Момбеков макул деген добуш беришкен.
Мындан кийин белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов фейсбук баракчасына жана интернет каналга өз пикирин билдирген. Анда макул деп добуш берген депутаттарга ыраазычылык, үй-бүлөсүнө тынчтык каалап, каршы добуш берген депутаттарга кийин жаназа намазга катышпоого үндөгөн.
Мындан кийин депутат Жанар Акаев исламга, намазга каршы эмес экенин, өзү да орозо экенин айтып, Чубак Жалиловдун мыйзамды колдобогон депутаттарга жаназа окулбасын деген радикалдуу пикирлери экстремизм, такфиризм деп атап, бул үчүн тиешелүү органдарга жооп бериши керек деп фейсбук баракчасына жазып чыккан.
Учурда социалдык тармактарда, айрым маалымат каражаттары Жанар Акаев менен Чубак ажы Жалиловдун пикирин гана колдогон же жемелеген пикирлерди билдирүүшүдө. Жалилов бир гана Жанар Акаевди эмес, колдобогон башка 5 депутатты да кошо айткан. Коомчулукка аты башкаларга караганда көбүрөөк таанымал Акаев менен Чубак ажынын гана кайым айтышуусуна сыяктуу кабыл алышууда. Ал эми башка депутаттар расмий билдирүү жасай элек.
Икрамов сунуштаган мыйзам долбоорунда бул күнү жумушчу күн кыскартылбайт, болгону жума намаз, тамактануу үчүн убакыт узартылып, анын ордуна кечинде бир саат узартып коюш керек деп айтылат. Бул өзгөчө ыкчам топту органдарга тиешелүү эмес.
Каршы чыккан тараптын ою боюнча, эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса, анда бардык мамлекеттик органдардын иштөө режимин өзгөртүп чыгаруу керек болуп калат дейт.
Эртең бул мыйзам долбоорго добуш берүү Жогорку Кеңештин күн тартибине чыгарылат.