Казакстандын президенти Актөбө шаарында болгон окуялар боюнча расмий билдирүү жасады. Нурсултан Назарбаев “түстүү революциялардын” белгилери пайда болгонун моюнга алды.

“Мамлекеттин либералдуу саясатынан пайдаланып, кээ бирөөлөр бийликти сынап көрөйүн деп чечти. Айтып коёюн, экстремисттерди жана террористтерди басуу үчүн эң катуу чараларды көрөбүз. Ал үчүн мамлекеттин бардык мүмкүнчүлүктөрү жана күчү бар”, — деп айтылат Акорданын сайтында жарыяланган билдирүүдө.

“Баарыбыз эле билгендей, “түстүү революциялардын” ыкмалары көп. Алар жасалма митинг, өлтүрүүлөрдөн, бийликти басып алуу аракеттеринен башталат. Бул белгилер бизде да пайда болду. Муну баштан кечирген өлкөлөрдө бүгүн мамлекеттүүлүк, туруктуулук жок. Алар жакырчылыкта жашайт, бандитизм башкарат. Экстремисттердин жана террористтердин пайда болушуна шарттар түзүлгөн. Мындай өлкөлөрдүн экономикасы он жылдап артта калды”, — деди Назарбаев.

5-июнда Актөбө шаарында теракт орун алган. Казакстанда террористтик коркунуч жарыяланган. Атышууда 13 кылмышкер өлтүрүлүп, 4 киши жарадар болгон. Дагы 6 адам издөөгө жарыяланды.