Атактуу мушкер Мухаммед Алинин 9-июнь күнү жаназа намазы окулуп, бүгүн жерге берилет.

Боксчунун туулган жери Луисвиллдеги жаназа намазына 15 миңдей мусулман катышты. Ага Түркия президенти Эрдоган да барган. Ал эми башка диндегилер намаз окулган салонго кирбестен, кичи бөлмөлөрдө терезеден көрүп турушту.  Бул иш-чарага исламды кабыл алган дүйнөнүн белгилүү инсандары да катышты. Андан кийин Алинин туулган жерине зыярат кылышкан. Түркия президенти Эрдоган жаназа намазга катышып, бүгүнкү боло турган акыркы сапарга узатуу салтанатына катышпай, Түркияга кетүүнү чечти.

Булак: haberler.com