Иш-чара 14-16 июнда Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтөт.

Долбоордун алкагында концертттер, мастер-класстар, көргөзмөлөр, туристтик жарманкелер уюштурулат.

15-июнь күнү музейде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн иштери коюлуп, “Ашхабад” кинотеатрында “ Кызыл алма”, “ Курманжан Датка” тасмаларынын бет ачаары болот. 16-июнь күнү «Биздин балалыктын асманы”  көрсөтүлөт.

Ошондой эле, кыргыз ырчыларынын концерти жергиликтүү элдин назаарына коюлат.