Былтыр үч эсе аз, башкача айтканда 47 млн сом бөлүнгөн жана акыркы жылдары вакцинацияга жакшы көңүл бурулбай калган.
Мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн сумманын көбөйтүлүшү ЕАЭБге киргенден кийинки Кыргызстандагы эпизоотиялык абалды жакшыртууга арналган.
«Кыргызстандын эпизоотиялык абалы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн талабына толук түрдө жооп бере албагандыктан айыл чарба азыктары экспортоого чыкпай жатат. Сүт менен эт кенен-кесир киргизилген жок. 15 ишканага уруксат алганбыз. Азыркы учурда 12 сүт, 8 ишкана этти экспорттой алат» , — дейт мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов.