Былтыр жакырчылыктын деңгээли жалпысынан өлкө боюнча 32,1 %ды түзүп, мурунку жылга карата 1,5 %га көбөйгөн.
Мындай суражылоону мамлекеттик статистика комитети жүргүзгөн.
2015-жылы жалпы жакырчылыктын чегинин нарктык чоңдугу калктын адам башына бир жылдын ичинде 31573 сомду, эң эле жакырчылык – 18234 сомду түздү.
Айыл жерлериндеги жакырчылыктын деңгээли 1,0 %дык пунктка, ал эми шаар жерлеринде — 2,4 %дык пунктка көбөйдү. Жакырчылыктын чегинде 1 млн 931 миң адам жашаган, анын ичинен 67,7 %ы айылдык калктуу пунктунун жашоочулары болуп саналган.