Алты жылдан бери “Кумтөр Оперейтинг компани” ишканасы КРдин эмгек кодексинин эрежелерин сактабай келет.
Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциясы билдирди.
2010-жылы ишканын мурунку кызматкери А.Н.Жевнаренко ден соолугуна келтирилген зыяндар тууралуу ишкананы сотко берип утуп алган. Бул иш Жогорку сотто дагы деле күчүндө турган.
Компания сот чечимдерин аткарбай келгендиктен кылмыш иши козголгон.
Андан сырткары, сот чечимдерин аткарбагандыгы үчүн КОКтун директору Дэниел Дежарденди жоопко тартуу маселеси каралууда.