“Нойон тоосун сактоо” кыймылы сотко кайрылып, канадалык компания айлана-чөйрөгө зыян тийгизет деген жүйөө менен 4 лицензияны токтотууну суранган. Сот Нойон тоосунда казылчу аймакта иликтөө жүргүзүп, Centerra’нын лицензияларын убактылуу токтотуп турууну чечти.
Компаниянын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 8 млрд тугрик төлөп, 1 млрд тугрик инвестиция салууга жетишкенин билдирген. Ошондой эле, Centerra лицензия токтоп калса, компаниянын бизнесине коркунуч жаратканын айтты. Буга карабастан, арыздануучулар алтын казуу иштери андан дагы көбүрөөк зыян келтирет деп макул болбой коюшту.
Centerra’нын Монголияда, Нойон деген тоодо жайгашкан Гацуурт кенинде 4 лицензиясы бар. Бул кенде 27,6 млн тонна алтын камтыган руда бар. Анын ичинде 75,9 тонна алтын бар экени айтылат. Кендин 34%ына Монголиянын өкмөтү ээлик кылса, 66% Centerra’га таандык.
Булак: infomongol.mn