Ысык суу кээ бир райондорго эмнеге берилбей жатканы белгилүү болду

Автор -
342

Жылуулук үчүн карызы бар турак-жайларга ысык суу берилбейт. Бул боюнча бүгүн Бишкек жылуулук түйүндүн кызматкерлери басма-сөз жыйында кабарлашты.

Шаардыктардын ысык сууга болгон бересеси бүгүнкү күндө 2 млн 696 миң 613 сомду түзөт.

«Колдонууу эрежелерине ылайык, акы төлөө 10 күндөн ашык кечиктирилсе, анда ал үйлөрдө ысык суу өчүрүлөт. Арасында карызы жоктору да жапа чегип аткандары ошондон», — айтылды.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, 14-июнга карата тейлөөдө турган турак-жайлардын баарына ысык суу бериле баштады.

Ошондой эле, жыйында оңдоп-түзөө иштерин 2017-жылга чейин май эмес июнь же июль айына жылдыруу суроосу каралды.

Карызы чоң болгондугуна байланыштуу ысык суу төмөнкү үйлөргө берилбейт:

  • Көк-жар кичи район №21
  • 12 кичи район №12,13, 3, 4, 15,16,19,20
  • 6кичи район №32/1, 33/1, 34/1, 36/1,38/1,39/1,40/1
  • Жибек-Жолу көчөсү №224
  • Лебединовка №121Б
  • Көлбаев көчөсү №34, 14а
  • Лермонтов көчөсү №8
  • Чүй проспекти №43, 45,47
  • Ибраев көчөсү №4
  • Шевченко көчөсү №98