Буга корпорация чыгарган программалардын контенти жана КТРК жамаатынын ичиндеги моралдык-кызматтык атмосфера жакшырбай жатканы себеп болду.

Кечээ корпорациянын байкоочу кеңешинин жыйыны өтүп, эки маселе каралды. Алгач кеңештин жаңы төрайымы катары Жылдыз Бакашованы шайлашты. Андан соң КТРК баш директору Илим Карыпбевдун аткарып жаткан жумуштарын баа берилди.

Байкоочу кеңеш Карыпбековдун жасаган жумушу сынга алып, ага сөгүш жарыялады. Себеби деп программалардын контенти жана КТРК жамаатынын ичиндеги моралдык-кызматтык атмосфера жакшырбай жатканы айтылды.

Буга Карыпбеков Facebook баракчасында жооп кайтарды.

“Байкоочу кеңештин отурумунда мага сөгүш жарыялашты. Албетте макул эмесмин. Бирок чырдашып, талашып, тартышып отурганга убакыт жок. Алдыда көп жакшы ой, пландар аткарууну талап кылып атат. Буга болгон күч аракетимди жумшамакчымын”, — деп жазды ал.